Биз менен байланышыңыз

Красноярск шаарындагы «Красмаш» заводунун аймагындагы өрт өчүрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 508 | 0

26-апрелде Орусиянын Красноярск шаарындагы «Красмаш» заводунун аймагынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин РИА Новости агенттиги маалымдады.

Өрт жергиликтүү убакыт боюнча 09.31де толугу менен өчүрүлгөн.

Эске салсак, Жума күнү кечинде «Красмаш» заводунун аймагында муздаткыч сактоочу складдан өрт чыккан.

Өрт жалпысынан 20 миң чарчы метр аймакты каптап, натыйжада «Бирюса» маркасындагы сатууга деп коюлган 50 миң муздаткыч күйүп кеткен.

Өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби электр жабдыктарын эрежесиз пайдалануудан улам болгону айтылууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM