Биз менен байланышыңыз

Мухтаржан Халматов Өзгөн шаарына мэр болду

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 513 | 0

Оштун Өзгөн шаарынын мэри кызмат орунга болгон шайлоонун жыйынтыгы расмий айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри кызмат орду үчүн 17-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду бекитти.

Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, протоколдордун негизинде, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо «өттү» деп табылып, Мухтаржан Халматов мэр болуп шайланды.

Жаңы шайланган мэрге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Эске сала кетсек, Өзгөн шаарынын башчылыгына 17-апрелде шайлоо өткөн. Анда эки талапкер ат салышып, Мухтаржан Халматов жергиликтүү кеңештин 31 депутатынын 16сынын добушун алган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM