Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 742 | 0

Кыргыз-кытай чек арасы беш күнгө жабылат. Бул кошуна мамлекеттин демилгеси менен болууда. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кытайда «Май жана эмгек» майрамы белгиленет. Ошого байланыштуу 1-майдан 5-майга чейин кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайлары жабылат.

Транспорт каттамдары 6-майдан баштап кайрадан мурунку тартипте өтүп баштаарын чек ара кызматы кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM