Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкадагы атышуудан 6 бала, 6 эркек, 3 аял каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 630 | 0

Шри-Ланкадагы атышуудан 15 адам каза болду. Анын алтоо — жаш бала. Алардын жансыз денеси аткылашуу болгон жердеги үйдөн чыккан.

Бул тууралуу өлкөнүн күч органдарынын башчысы айтканын Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ кечинде баш калаа Коломбонун түштүгүндөгү Ампара районунун Сейнтамаруту шаарындагы «Ислам Мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү делген согушкерлер менен мамлекеттик аскер күчтөрү ортосунда атышуу орун алган. Ошондой эле, бир нече жардыруу да болгон.

Атышуу болгон имараттын ичинен полиция үч жан кечти, үч аял жана алты жаш баланын сөөгү тапкан. Үйдүн короосунан дагы үч эркектин сөөгү чыккан. Алар өзүн жардыргандар деп болжолдонууда.

Согушкерлер менен болгон куралчан кагылышууда полиция кызматкерлери жапа чеккен эмес.

Copyright © 2017 Maral FM