Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн жактырылган отчетуна айтылган сындар

Саясат | 26 Апр 2019 | 536 | 0

25-апрелде Өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун угуу жол-жоболору улантылды. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү тарабынан экономика, энергетика, айыл чарба, медицина, билим берүү тармактары, мамлекеттик ишканалар жана башка маселелер боюнча суроолор узатылып, талкууланды.

Жыйындын соңунда фракция лидерлерине сөз берилип, депутат Иса Өмүркулов сөзүн мугалимдер жана дарыгерлердин айлыгынын төмөндүгүнөн баштады. Ал өлкө боюнча дарыгерлердин жетишсиздигине токтолуп, мугалимдердин айлык маянасы 2011-жылдан бери көтөрүлө электигин белгиледи.

Өмүркулов мындан сырткары, энергетика тармагында көйгөйлөр көп болуп жаткандыгын айтып, бул тармакты жөнгө салуу боюнча өкмөттүн пландарына кызыкты.

Өмүркулов: — Энергетикадагы көйгөйлөрдү көп эле айтып, далай сунуштарды берип жатам. Бирок бул тармакта жылыш жок. Өзүңүз айткандай, жалпы карызыбыз 102 миллиард экен, 2025-жылы 10 миллиард 300 миллионго чейин төлөө керек болот. Бугүнкү күндө энергохолдинг банкрот деп айтсак болот. Энергетика тармагындагы жетекчилердин баары, бири калбай чет өлкөгө качып кетти. Бул багытта кандай аркеттерди жүргүзүп жатасыздар?

Абылгазиев: — Азыр эми энергетикада чоң комиссия иштеп жатат.  Биргелештирилген эсептөөчү борбор куруу боюнча долбоорлор бар. Акча каражатынын агымы ошол борбор аркылуу өтөт. Станциядан чыккан электроэнергия керектөөчүгө барганда канча болуп жатканын эсептейт. Быйыл ошол борборду кайра жандандыралы деп жатабыз. Бул биринчи кадамыбыз болот.  

Ал эми «Республика-Ата журт» фракциясынан депутат Жыргалбек Турускулов салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча мыйзамды тездетүүгө чакырып, бажыдан кирип-чыгып жаткан товарларды ЕАЭБдин келишимине ылайык катуу көзөмөлгө алуу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле, ал курулуп жаткан жолдордун сапаты, кадр саясаты, адистерди окутуу жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине токтолуп, премьер-министрди аппарат ичиндеги бюрократиядан арылууга чакырды.

— Аппарат ичиндеги бюрократиядан арылыңыз. Бүгүнкү күндө президент, Жогорку Кеңеш колдоо көрсөтүп жатат. Бардык тармакты оңдоого, экономиканы өсүрүүгө, реформалоого саясий колдооңуз чоң. Сиз кардиналдуу реформага барышыңыз керек. Бир жыл убактыңыз анализдөөгө сарпталды. Эми сиздин алып барып жаткан иштериңизди эл, депутаттар иш жүзүндө көрүшү керек.

Өкмөт энергетика тармагында, аз эле дегенде 200-300 миллион долларлык долбоорлорду түзүп, чет элдик ири инвесторлорду тартуу аракетин жүргүзүү керек. Мындай пикирин «Кыргызстан» фракциясынан депутат Канатбек Исаев билдирди. Анын пикиринде, өкмөт бүгүн губернатор-акимдердин деңгээлиндеги долбоорлорду жетишкендик катары көрсөтүп келген.

— Келген мамлекеттик кызматкерлер суроолорго толук кандуу жооп бере албай жатат. Өкмөттөн 9 долбоор келип түштү, мен үчөөнө токтолуп өтөйүн. Гемодиализ борбору дейт, буга АПИнин кандай тиешеси бар? 1 миллион долларлык пластик терезелерди жана эшиктерди чыгаруу заводу дейт, буга АПИнин кандай тиешеси бар? Адам университетинин базасында чет өлкөлүк студенттер үчүн медициналык факультеттин ачып берүү, алда 1 миллион доллар дейт. Эми бул өкмөттүн деңгээлинде келе турган долбоор эмес да. Мындай иштер бир аким, такыр болбой калса, губернатордун отчетуна кире турган долбоорлор.

Кыргызстан башка өлкөлөр менен атаандаша албай, дүйнөлүк рейтингде абалы начар. Мындай оюн айткан «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өлкө ЕАЭБке товардын эркин жүрүшү, капиталдык жүрүш, эмгек ресурстар жана кызмат көрсөтүү шарттары менен киргендигин эске салып, Кыргызстан бир да багытта  мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү деңгээлде колдоно албай жаткандыгын билдирди. Аны менен бирге Төрөбаев экономикалык приориттеттер кандай болуусу керектиги боюнча өз оюн айтты.

— Менин оюмча Кыргызстандын экономикалык модели төрт приоритеттүү тармактан турушу керек. Алар — жеңил өнөр жай тармагы, экологияга зыян келтирбей турган таза айыл чарба өндүрүмү, кызмат көрсөтүү жана энергетика тармагы. Бул — экологияга зыян келтирбей турган приоритеттер. Ушул төрт тармактын ичинде 1 миллион жаңы жумуш орду жатат. Урматтуу, Мухаммедкалый Дүйшекеевич, эгер сиз реформа жасабасаңыз, команданы, түзүмдү, чечим чыгаруу механизмдерин өзгөртпөсөңүз, анда мамлекетибиздин ийгиликке жетиши кыйын болот.

Кредиттик, импорттук, мигранттардын акчасынан көз карандылык, жакырчылык жана дүйнөдөгү атаандаштык. Бул «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев атаган Кыргызстандын экономикалык эркиндиги үчүн өтө коркунучтуу жагдайлар. Анын айтымында, өкмөттүн бул маселелер боюнча жасаган аракеттери жок. Мындан сырткары, өкмөттүн отчетунда айтылбаган 5 жагдайды санап өттү.

— Кумтөр боюнча Сапар Исаковдун түзгөн келишими легитимдүүбү, ошол бойдон калдыбы? Бизде өзүнөн-өзү пайда болуп келаткан текстиль тармагы таптакыр кыйрады. Бир жыл аралыгында көмүскө экономиканы 1 пайызга да азайта алган жокпуз, жакырчылык бир пайызга да ылдыйлабады. Бир тармакта да реформа кылынган жок. Өкмөт пайдалана албаган чоң ресурстар бар. Биринчиси ВСП+, 2017-жылы 17 миллион доллар, былтыр да 17 миллион доллар. Орто-Азиянын бир да өлкөсүндө жок, Кыргызстанда гана бар 5000 товар пошлинасы жок Европага жөнөтүлүүдө. Бир пайызга көтөргөн жоксуңар. Эмки жылы Кытай «Жибек жолу» долбооруна 1 триллион акча бөлгөнү жатат. Жакынкы 5 жылда 8 триллион. Ошого Кыргызстандан бир да долбоор кирген жок. Себеби өкмөт чабал.

Жыйындын жыйынтыктоочу сөзү «Ата Мекен»  фракциясынан депутат Садык Шер-Нияздыкы болду. Ал өкмөттүн отчетунда маданиятка алты сап гана бөлүнгөнүн айтып, маданият өнүкмөйүнчө, бир да багыт өлкөнү алдыга сүрөп чыгара албасын баса белгиледи.

— Урматтуу, премьер-министр, 49 барактык отчетуңузда маданият жөнүндө болгону 6 сап гана жазылыптыр. А, Кыргызстанды кыргыз кылып сактай турган өзөгү: жери, тили жана маданияты да. Эртең мына биз кетебиз, баарыбыз кетебиз. Ошондо кимибиздин атыбыз калат тарыхта? Калса 25 жылдан бери калат эле го, беш-алты президент алмашты, жыйырма беш-отуз премьер-министр болду, эки миң-үч миң депутат шайланды! Эртең биз бийликте турганда ушул жаштарды тарбиялап өстүрдүк деп, кимдин атын Чыңгыз Айтматовду, Төлөгөн Касымбековду, Мукай Элебаевди, Таттыбүбү Турсунбаеваны, Төлөмүш Океевди, Болот Шамшиевди атагандай атай алабыз? Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун Мекенинде оозго ала турган бир жазуучубуз, бир акыныбыз жок. Муратбек Рыскуловдун Мекенинде бир театр жылдызы жок. Ушуларды өстүрүш үчүн 10-15 миллион сом бөлүп берип коюш колуңардан келбейби?! Элдин рухун көтөрө турган инсандардан акчаны аяп, керек болсо, азганакай отчетубузда да ошону көрсөтө албай келатабыз. Бул кандай мамлекеттик өнүгүш болот, каякка барабыз анда?      

Өкмөттү колдоо менен бирге, анын дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылып, бир топ иштиктүү сунуштамалар менен тапшырмалар берилген өкмөттүн отчетун угуу биринчи жолу эки күнгө созулду. Жыйынтыгында Мухамедкалый Абылгазиев баштаган аткаруу бийлигинин 2018-жылы жүргүзгөн иши канааттандырарлык деп табылды.

Copyright © 2017 Maral FM