Биз менен байланышыңыз

Депутат: Кыргызстанга жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү орган керек

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 440 | 0

Депутат Алмазбек Акматов Өкмөттө жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү орган болушу керектигин сунуш кылды.

Депутат бул тууралуу Өкмөттүн өткөн жылдагы жасаган иши боюнча Парламентте отчет берип жаткан учурда билдирди.

Депутаттын белгилөөсүндө, бүгүнкү күндө жер саясаты менен 4 орган алектенип, иш чаржайыт жүрүп жатат. Эл өкүлүнүн мындай сунушун Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да колдоп, бул багытта иш алып барылып жаткандыгын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM