Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Сөгөнөөк кызматкерди Мамкаттоого ким койду?

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 532 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына жаңы дайындалган Алмаз Мамбетовдун сөгөнөөк кызматкер экени Парламентте да айтылды.

Парламентте бүгүн Өкмөттүн өткөн жылдагы аткарган иши тууралуу отчетун угуу уланып жатат. Депутат Исхак Масалиев Мамлекеттик каттоо кызматына Алмаз Мамбетовдун дайындалганы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, коомчулукта талкууга алынган жүрүм-туруму жана бул кызматка дайындалышына кызыкты.

«Кадр меселеси боюнча. Мына, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси отурат. Бул интернетте баарына таанымал… Мамкаттоонун башчысына жаш жигитти коюптурсуңар. Балким, жакшы жигит, бирок бардык интернетте жүрөт го… Сөгүп, бирөөгө жамандык келтирем деген жигит. Аны жетекчилик кызматка кантип коёсуңар, ким койду аны? Же Мамлекеттик каттоо ситемасында жакшы адистерденби?», — деди депутат.

Өкмөт башчысы жаңы жетекчи Балыкчы шаарында санариптештирүү боюнча жакшы иштерди жасаганын, менеджерлик жөндөмү эске алынганын айтты.

«Бул кесиптешибиз азыр Балыкчы шаарында санариптештирүү, элге мамлекеттик кызматты жеткирүү боюнча жакшы кадамдарды таштады. Азыр көрүп жатабыз, энергетикти койсок, энергетика оңолбой жатат. Айыл чарбасына агрономду койсок, ал да оңолбой жатат. Менеджерди алып келели деп, ушул коллегабызды алып келдик. Эми интернетте жүргөнү… Эркек киши жанагындай болуптур, мындан кийин болбойт го. Жанагындай сөздөрдү азыраак колдон деп айттым», — деди өкмөт башчы күлүп.

Copyright © 2017 Maral FM