Биз менен байланышыңыз

Парламент: Өкмөттүн өткөн жылдагы иши боюнча отчет уланат

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 443 | 0

Жогорку Кеӊеште бүгүн Өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угуу уланат.

Кечээ, 24-апрелде өткөн жыйынында Өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу кеӊири маалымат берген өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын көптөгөн суроолоруна жооп берип, алардын Өкмөттүн ишин жакшыртуу жаатындагы ой-пикирлерин укту. Жазылган депутаттарга убакыт жетпей калгандыктан, отчеттуу талкуулоо жол-жоболорун бүгүн, 25-апрелде өтө турган жыйында улантуу чечими кабыл алынган.

Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету боюнча жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM