Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд долларга жакын

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 504 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 3,8 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште өкмөттүн өткөн жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берүү учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Негизги көйгөйлөрдүн бири — 3,8 миллиард долларды түзгөн тышкы карыз. 2025-жылы биз тышкы карызга 400 миллион доллар бөлүшүбүз керек болот. Бул биздин өлкөнүн бюджетинен көп. Ошондуктан, менимче, биз жумуш орундарын көбөйтүп, ири өндүрүш ишканаларын жандантышыбыз керек», — деп белгиледи Абылгазиев.

Маалыматка ылайык, карызга алынган акчалардын 70 %га жакыны жол куруу, энергетика жана айыл чарба тармагына коротулган.

Copyright © 2017 Maral FM