Биз менен байланышыңыз

1-кварталда салык төлөмдөрүнөн бюджетке 65 миллион сом түштү

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 378 | 0

Кыргызстанда перифериялык жабдуулар аркылуу биринчи кварталда 48 миң 195 салык төлөмү жүргүзүлүп, бюджетке 65,3 млн. сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Мында төлөмдөрдүн эң көбү терминалдар аркылуу келип, 34,3 млн. сом суммасында 36 миң 958 төлөм жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда Кыргызстанда салыктарды төлөөнүн «Интернет-банкинг», «Мобильный банкинг» системалары аркылуу салыктарды жана төлөмдөрдү кабыл алуучу, ошондой эле WEB-кассалары, банкоматтар, POS-терминалдар сыяктуу ар түрдүү инновациялык ыкмалар иштейт. Салык төлөөчүлөр бул кызматтардын ар кандай түрүн колдонуп, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн салыгын, киреше жана жер салыгын төлөө үчүн колдоно алышат.

Мамлекеттик салык кызматы калкка накталай эмес дистанттык тейлөөнүн ар түрдүү ыкмаларын жеткирүү максатында коммерциялык банктар менен активдүү кызматташат. Бүгүнкү күндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча калкка кызмат көрсөтүү үчүн 19 банк менен келишим түзүлгөн.

Салыктарды төлөөнүн жаңы инновациялык ыкмаларын киргизүү, накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү жана өлкөдөгү салыктарды төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле салык органдарынын ишинин максималдуу ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.

Copyright © 2017 Maral FM