Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: «Кыргызнефтегаз» «Газпромдон» башка инвесторго деле сатыла берет

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 471 | 0

Кыргызстан «Кыргызнефтегаз» ишканасын Орусиянын «Газпром» ишканасынан башкага да сата алат. «Газпромго» эле сатууга милдеттүү эмес.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өткөн жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берүү учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Абылгазиев «Кыргызнефтегаз» заводунун технологиясы эскиргенин, аны модернизациялоо үчүн каражат талап кылынарын айтты.

«Биз «Газпром» менен меморандумга кол койгонбуз. Эгер Парламент жактырса ишти улантабыз. Каршы чыкса – анда башка инвесторду издейбиз. Биз бир эле инвестор менен иштешебиз деген чектөө жок», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңеш «Кыргызнефтегаз» ишканасына кардар табуу тапшырмасын бербегенин белгиледи.

Эске сала кетсек, Орусиянын президенти Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келгенде, орусиялык «Газпром» ишканасынын башчысы Алексей Миллер менен Кыргызстандын вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Газпром» ишканасы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын активдерин сатып алууга катышуусу боюнча жол картага кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM