Биз менен байланышыңыз

Паспорттук бланкаларды сатып алуудагы чыр боюнча УКМК үн катты

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 650 | 0

Биометрикалык чет элдик паспорттор үчүн бланкаларды сатып алуу боюнча тендер коррупциялашкан компанияда жасалган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Идрис Кадыркулов Жогорку Кеңеште Өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Паспорттор менен камсыздоо Кыргызстанда эң коррупциялашкан тармак болуп калды. Кыргызстандын паспорту экстремист-террористтер тарабынан да колдонулуп жатат. Паспорт маселесиндеги иштер боюнча 2012-2019-жылдары УКМКнын тергөө бөлүмү жалпысынан 150 кылмыш ишин козгогон», — деди УКМКнын башчысы.

 «Паспорт боюнча тендерге 2018-жылдын октябрында 5 ири компания катышкан. 10-декабрда тендердик комиссия «документтер шайкеш келбейт» деген чечим менен баарын өткөрбөй койгон. Протоколго кол коюлуп жокко чыгарылышы керек эле. Бирок 11-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги тендердин катышуучулары өтпөй калганы боюнча тендердик комиссиянын корутундусу жок эле Каржы министрлигиндеги мамлекеттик сатып алуулар департаментине кат менен кайрылган. Департамент МККдан кошумча документтерди талап кылып, сынакты мыйзам чегинде уланта берсеңер болот деген кат менен уруксат берген. Бул каттын негизинде тендердик комиссия үч компаниянын экөөсүн тендерден чыгарган. 1-февралда тендердик комиссия Garsu Pasaulis компаниясын жеңүүчү деп тапкан. Компания жетекчилиги Кыргызстанга келгени жатканда, башкы прокуратура бул багытта кылмыш ишин козгоду. Эмне болуп жатканын мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Айрым бейөкмөт уюмдар бизди санариптештирүүгө балта чаап жатат деп айыпташууда», — дейт Идрис Кадыркулов.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы паспорттук бланкаларды сатып алуудагы коррупциялык аракеттерге карата кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга карата «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым жетекчилери кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматынан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM