Биз менен байланышыңыз

Террордук уюмдун согушкери деп шектелген кыргызстандык кармалды

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 436 | 0

УКМК эл аралык террордук уюмдун согушкери деп шектелген жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен иштөө бөлүмү бүгүн кабарлады.

УКМК ушул жылдын 20-апрелинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте Сириядагы ЭТУ согушкери деп шектелип, издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган А. у. А.  аттуу Кыргызстандын жаранын кармады.

Шектүү атайын кызматтын Кыргызстандын аймагына эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) мүчөлөрүнүн жана согушкерлердин кирүүсүнө бөгөт коюу боюнча өткөрүлгөн контртеррордук иш-чараларды жүргүзгөн учурда колго түшкөн.

Такталган маалымат боюнча, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террордук топко кирип, Сирия аймагындагы диверсиялык даярдыктан өтүп, согуш аракеттерине катышып келгени аныкталды.

2018-жылдын ноябрь айларында аталган А. у. А. ЭТУ башчыларынын  тапшырмасын алып, колдо жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен террордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөп, жашыруун уюмчаларды түзүү жана Сириядан согушкерлердин келүүсүн күтүп Борбор Азия өлкөлөрүнөн «куралдуу жихад» жүргүзүү максатында Сирия аймагынан келген.

Бул факт боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Кармалган адам УКМКнын тергөө-абагына киргизилди.

Мындан аркы тиешелүү комплекстүү ыкчам-тергөө жана издөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM