Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Өткөн жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 103,5 пайыз болду

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 381 | 0

Өткөн жыл өлкөнүн экономикасы үчүн бир кыйла сыноо мезгил болду.

Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

«Биз түзүлгөн кырдаалды туура баамдап, оӊ жыйынтык чыгардык. Өкмөт мына ушундай өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүштү камсыз кыла алды. Мында биргелешип иш алпарган Президенттин, кыргыз парламентинин, аткаруу бийлигинин кошкон салымы бар», — дейт Өкмөт башчы.

Премьер-министр башкы милдет макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, калк турмушун жакшыртуу, анын мамлекеттик бийликке карата ишенимин бекемдөө болуп санала турганын баса белгиледи.

«2018-жылы экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 %дан ашты. Жыл жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн көлөмү 557,1 млрд. сомго жетип, иш жүзүндөгү өсүү 103,5 %ды түздү. Ал эми «Кумтөр» кенин эске албаганда, иш жүзүндөгү өсүш 103,5 пайыз болду», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM