Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Өкмөттүн милдети Кумтөргө көз каранды болбогон экономиканы түзүү

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 534 | 0

Кыргызстандын экономикасынын Кумтөр алтын кенине көз каранды болушу бул өткөн бийликтин катачылыгы болгон. Мындай пикирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 20 жыл аралыгында Кумтөр кени өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө зор роль аткарган.

«Өлкөнүн экономикасы менен бирге көптөгөн социалдык маселелери да Кумтөр долбооруна байланган. Кумтөр кени эртеби же кечпи өз ишин токтотот. Өкмөттүн алдында азыртадан тартып Кумтөр сыяктуу гиганттарга көр каранды болбой турган экономиканы түзүү, атаандаш тармактарды өнүктүрүү милдети турат», — деди премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM