Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Айып пулдарды төмөндөтүүгө каршы эмеспиз

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Апр 2019 | 831 | 1

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында эреже бузган айдоочуларга салынган айыптардын көлөмү жогору экенин айтылууда. Эгерде эл өкүлдөрү мыйзамдарды кайра карап чыга турган болсо, айып пулдарды төмөндөтүүгө каршы эмеспиз. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аппараттык комплекс тарабынан белгиленген айып пул ылдамдыкты ашыруу боюнча 4 категорияга бөлүнгөн:

Маалыматка ылайык, жол чырактан өтүп кеткендерге экинчи категориядагы айып: жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом;

Каршы тилкеге чыгуу боюнча биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом;

Тротуар, веложол, газон менен жүргөндөргө биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом;

Токтотуу белгисине токтобой өтүп кеткендерге биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом;

Жөө адамдар өтө турган жол тилкедеги эреже бузуу боюнча биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом;

Көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 20 чакырымга ашыра айдоого биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом;

Көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 40 чакырымга ашыра айдоого төртүнчү категориядагы айып: жеке жактар үчүн 7 миң 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 миң сом;

Аялдама менен унаа токтотуучу жайлардагы эреже бузууда жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

Copyright © 2017 Maral FM