Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жасаган иши тууралуу Парламентте отчет берет

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 444 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы жасаган иши боюнча премьер-министрдин отчетун угат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында айтылат.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети кечээ Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун угуп, аны жактырган.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү отурумда ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» жана «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин талкууга алмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM