Биз менен байланышыңыз

Шестаков: Зеленский көрөрмандарын шайлоочуга айлантты

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Апр 2019 | 909 | 0

Украинадагы президенттик шайлоодо өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенкого Европага кеткендер, бийликте отургандар добуш берди. Ал эми Владимир Зелденскийди Украинада жашап, иштөөнү каалаган жарандар колдошту. Мындай пикирин саясат талдоочу Игорь Шестаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Зеленский программасында өлкөнүн ички көйгөлөрүнө көбүрөөк басым жасаганы пайда алып келген. Анткени, эл тышкы саясатка эмес, өздөрүнө көбүрөөк тынчсызданып келген.

Зеленский актер, шоумен катары кинолордо роль ойноп, өзүнүн аудиториясын, шайлоочуларын жаңыдан форматтай алды. Башкача айтканда, Зеленский көрөрмандарын шайлоочуга айлантты.

Зеленский Порошенкодон айырмаланып, саясатта жаңы фигура. Мындан улам коррупцияга аралашкан эмес. Ал олигарх болбосо да, кедей эмес. Байлыгын  кандайдыр бир саясий оюндан, кызматтан эмес, талантынын арты менен мээнет кылып тапкан. Бул да Зеленский үчүн артыкчылык болгон.

Кошумчалай кетсек, Украинадагы президенттик шайлоодо 73% добуш менен Владимир Зеленский алдыга чыккан. Ал эми 24,66% добуш алган Порошенко жеңилгенин мойнуна алып, атаандашын куттуктаган. Добуш берүүгө шайлоочулардын 60%ы катышкан. Ал эми 11 млн. шайлоочу добуш берүүгө катышкан эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM