Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Коррупциядан түшкөн каражатка 15 жаңы мектеп салынат

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 630 | 0

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпус курулат. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районундагы жана Бишкек шаарындагы орто мектептерге барганда билдирди.

Өткөн жылы коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык акча каражаты жана мүлктөр мамлекетке кайтарылган. Финансы министрлиги бул каражаттан керектүү сумманы ведомстволор аралык комиссиянын талдоосунун жыйынтыктары боюнча аныкталган Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга багыттоодо.

Бишкек шаарында: № 12 мектеп-гимназия, № 69 комплекс-гимназия, № 54 орто мектеп, № 18 орто мектеп, № 59 орто мектеп, № 72 орто мектеп-гимназиясы, № 16-орто мектеп;

Чүй облусунда: Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Ч. Айтматов атындагы орто мектеби, Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби, Т. Актанов атындагы орто мектеби, № 2 Баранов атындагы орто мектеби, ошондой эле Ош шаарындагы № 7 Нариман мектеп-гимназиясына кошумча корпустарды курууга багытталат.

Болочокто мектептер жетишсиз болгон башка аймактарга да каражат которулат.

Copyright © 2017 Maral FM