Биз менен байланышыңыз

Белоруссия Орусиянын сапатсыз мунайын Украина, Польшага өткөрбөй койду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 476 | 0

Белоруссия Украина, Польша жана Балтика өлкөлөрүнө нефть (бензин, керосин) экспорттоону убактылуу токтотуп турууну чечти. Муну Орусиядан келген мунайзаттардын сапатсыздыгы менен байланыштырган.

Учурда белорус өкмөтү качан мунайдагы сапат көйгөйү чечилсе, экспортоо кайра жанданаарын айтууда. Бул тууралуу Белорус нефть компаниясынын башкы жетекчиси Сергей Гриб кабарлады.

Белгилей кетсек, Белоруссия тарап 19-апрелден тарта Орусиядан келген нефтинин сапатынын начарлаганын билдирген. Нефтинин булганган жери Самара-Унеча нефть түтүгүнөн табылган. Учурда ортодогу бардык келишимдер токтотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM