Биз менен байланышыңыз

2018-жылы өлкөгө кирүү үчүн 28 миңге жакын чет өлкөлүк e-VISAны  пайдаланган

Без рубрики | 23 Апр 2019 | 421 | 0

«Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «e-Gates» чек ара көзөмөлүнүн автоматташтырылган системасы учуп келген жарандардын ыңгайлуулук деңгээлин жогорулатууга, өткөрүү пункттарынын жөндөмүн көбөйтүүгө, көзөмөлдөөчү менен жүргүнчүнүн байланышына чек коюу аркылуу коррупцияны минималдаштырууга, келген жарандарды эсепке алуу системасын жакшыртууга, ошондой эле, ата мекендик электрондук биометрикалык паспорттордун мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга мүмкүндүк берет.

2018-жылы «e-Gates» көзөмөл системасы кызмат көрсөтүүсүн Кыргызстанга кирүүдө 2017-жылдын үлгүсүндөгү электрондук биометрикалык паспорттордун (e-ID) ээлери болгон Кыргызстандын 9 300дөн ашык жараны пайдаланган.

Кыргызстандын визаларын алуу жол-жоболорун жеңилдетүү максатында «e-VISA» электрондук виза порталы ишке киргизилген, ал Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесине барбастан эле, кыска мөөнөттүү виза алууга мүмкүндүк берет. Электрондук виза көп маалыматты талап кылбайт жана паспорттогу демейдеги виза катары эле Кыргызстанга кирүү үчүн ошол эле укукту кепилдикке алат.

2018-жылы «e-VISA» кызмат көрсөтүүсүн Кыргызстандын аймагына кирүү үчүн 27 900дөн ашык чет өлкөлүк жаран пайдаланган.

Кыргызстандын 38 чет өлкөдөгү мекемесинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтүн олуттуу кыскартууга жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү «Паспорт», «Жарандык абалдын актыларын каттоо», «Жарандык» автоматташтырылган маалымат системасы орнотулган жана пайдаланууга киргизилген.

2018-жылы Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринде «Паспорт» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу 8405 жалпы жарандык паспорт даярдалган, «ЖААК» автоматташтырылган маалымат системасында 799 жарандык абалдын актыларын жазуу катталган, «Жарандык» автоматташтырылган маалымат системасында Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу боюнча 33 арыз таризделген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM