Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы салыктык сабаттуулук боюнча иш-чараларды өткөрдү

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 550 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын»алкагында салыктык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларына, жогорку окуу жайлардын, коллеждердин, лицейлердин, экономикалык эмес багыттагы окуу жайлардын студенттерине ачык семинарларды, экономикалык багыттагы техникалык окуу жайлардын жана жогорку окуу жайлардын студенттик командалары арасында брейн-ринг өткөрүштү. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди. 

 Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын салык системасы, электрондук форматта салык кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгүн демонстрациялоо, электрондук патенттерди, эсеп-фактураларды алуу жана интернет аркылуу электрондук түрдө отчет берүү, бирдиктүү терезе принциби боюнча иштеген маалымат жана сервистик борборлордун иши менен тааныштырып, ошондой эле Салык кызматынын системасынын жана башка багыттагы фискалдык органдын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишке ашырылып жаткан иш-чаралары жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле, «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» алкагында  салык органдарынын жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен  биринчи жолу «Менин салыктарым каякка жумшалат?» деген темада эссе жазуу сынагы уюштурулду.

Бул иш-чарага 55 мектеп, лицей, гимназиялардын 1700гө жакын окуучусу,  17 Жогорку окуу жайдын  300дөн ашык студенти жана 270 салык кызматкери, ошондой эле, мугалимдер жана салык төлөөчүлөр катышышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM