Биз менен байланышыңыз

УКМК: 3 миллион сомдук баңгизатын таратып жаткандар кармалды

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 429 | 0

Улуттук коопсуздук комитети баңгизатын таратууга шектелген КР Ички иштер министрлигинин алдындагы академиянын курсанты менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студентин кармады.

Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

Кыргызстанда психотроптук заттарды Борбор Азияга туруктуу ташып жана сатып баңгизат боюнча иштеген топ кармалып, ишмердүүлүгү токтотулду.

20-апрелде баңгизаттарын таратып жүргөн деп шектелип ИИМ академиясынын 19 жаштагы курсанты А. Д. менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун 20 жаштагы студенти Н. Н. кармалды.

«Шектүүлөрдү текшерген учурда курсанттын жанынан психотроптук заттардын бири — спайс табылган. Көлөмү 1 килограмм 75 грамм болуп чыкты. Спайсты аз өлчөмдө сатуу пландалганы анык болду. Аталган заттын мындай салмактагы болжолдуу баасы 3 миллион сомго жетет», — деп айтылат маалыматта.

Фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук өндүрүшкө жиберилди.

Учурда Кыргызстанга психотроптук каражаттарды ташууга тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери улантылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM