Биз менен байланышыңыз

Баткен токой чарбасынын башчысы пара алууга шектелип колго түштү

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 577 | 0

Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Баткен облусу боюнча бөлүмүнүн начальниги К. А. 32 миң сом пара алууга шектелип кармалды.

Окуя 17-апрелде болгонун Улуттук коопсуздук комитети бүгүн кабарлады.

К. А. мекемени текшерүүгө алышкан аудиторлорго берем деп, өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлерден акча талап кылганы айтылууда.

Бул окуя кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине пара талап кылуу беренеси менен катталган.

Текшерүү учурунда К. А. тарабынан Баткен токой чарбасындагы каржылык-чарбалык укук бузуулар да аныкталган.

Тактап айтканда, 2017-2018-жылдары жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алууларда жалган документтерди жасоо, баалуу дарактардын көчөттөрүн мыйзамсыз сатуу, ошондой эле жайыттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды кымырып алуу фактылары ачыкка чыгууда.

Кармалган чиновник учурда үй камагына алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM