Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк «финсабат» сайтынын жаңы үлгүсүн сунуштады

Экономика | 22 Апр 2019 | 718 | 0

Улуттук банк каржылык сабаттуулукту жакшыртуу максатында www.finsabat.kg сайтын замандын талабына жараша кайрадан жаңылап чыкты. Сайттагы бир канча программанын жардамы менен ар бир кирген адам акчаны кантип коротуудан тартып, максималдуу канча кредит ала ала турганына чейин эсептей алат. Ошондой эле, сайт көзү начарлар үчүн да ыңгайлаштырылып жасалган.

Калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында 2016-жылы 2016-2020-жылдарга чейинки атайын программа каралып, анын алкагында сайт түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган сайтка башка программалар да кошулуп, кайрадан жаңыланды. Ага кирген ар бир жаран каржы сабаттуулугуна байланыштуу бардык суроосуна жооп ала алат. Бул туурасында Улуттук банктын каржылык сабаттуулук боюнча секторунун башчысы Эмир Бообеков айтып берди.

— Жаңы үлгүнүн айрымачылыгы ар бир тематика өзүнчө бөлүнгөн. Жаңы программалар кошулган. Ошондой эле, эң пайдалуу программалардын бири: сайтка кирген ар бир адам өзүнүн киреше-чыгашасынын негизинде максималдуу канча кредит ала ала турганын эсептей алат. Аны менен кошо банктардын кредиттик тарифтери боюнча да маалыматтар бар.

Сайт GIZ Германия эл аралык кызматташтык коомунун колдоосу менен ишке ашты. GIZ долбоорунун жетекчисинин орун басары Шамир Кханал белгилеп өткөндөй, бул долбоордун максаты өлкө калкынын каржы сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. Замандын талабына жараша түзүлгөнүнө байланыштуу, жаңы сайттын коомчулукка чоң пайдасы тиерине ишенет.

— Бүгүнкү күндө заман бат өзгөрүүдө. Айрыкча жаштар башкача. Алар бир чечимди 1,5-3 секунддун ичинде кабыл алышат. Ошондуктан, маалыматты дагы биз азыркы замандын талабына жараша беришибиз керек. Кыска убакыттын ичинде бат жана түшүнүктүү ыкма менен маалыматты берүү зарыл. Мен ишенем, жаңы иштелип чыккан сайт ар бир адамга туура чечим жасоодо чоң жардам берет.

Ошондой эле, 2016-2020-жылдарга карата кабыл алган программанын негизинде Улуттук банк мындан тышкары да чоң долбоорлорду ишке ашырууда. Маселен, жаш балдардын аудиториясына өзүнчө, улуу муунга өзүнчө программалар каралган. Бул туурасында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева буларга токтолду.

— Сайтка ар бир жаран кире алат. Балдардын каржылык сабаттуулугун арттыруу үчүн атайын мультфильмдер бар. Ошондой эле, жакында «Кредит» аттуу 1 сааттык тасма жайгаштырабыз.

Маалыматка ылайык, сайт 8 бөлүктөн туруп, көзү начарлар үчүн да ыңгайлаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM