Биз менен байланышыңыз

23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата иш-чара өтөт

Эртең, 23-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Китеп — адамзаттын рух азыгы» аталышындагы көргөзмө жана «Ырлар деген кан жүгүрткөн тамыр ал, Ырда акын жан дүйнөсү жаңырар» аттуу поэзия кечеси өтөт.

Киепкананын маалымат кызматы билдиргендей көргөзмө Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналат.

Иш-чарага Кыргыз эл акындары, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер, бир катар белгилүү калемгер, адабиятчылар жана жалпы эле окурман журту катышат.

Иш-чара саат 11.00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM