Биз менен байланышыңыз

Трамп Зеленскийди куттуктап, убада берди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 734 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы президенттик шайлоодо утуп чыккан Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин Украина маселелери боюнча атайын өкүлү Курт Уолкер маалымдады.

Ага ылайык, телефон аркылуу сүйлөшүү АКШ тараптан демилгеленген. Анда Трамп АКШ мындан ары да Киевдин аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү аракетинде колдоого убада берген.

Уолкер Твиттердеги баракчасына: «Трапм Зеленскийге чалып, Украинадагы демократиялык шайлоодо утуп чыгышы менен куттуктады. Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү жана Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүү аракеттеринде колдойбуз«, деп жазган.

Уолкер буга кошумча, Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенкого өлкөнү өзгөчө оор мезгилде башкарып, демократиялык институттарды сактап калганы үчүн алкыш айткан.

Акыркы алынган маалыматтарга ылайык, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 70 %ын санап бүттү. Анда 73% добуш менен Владимир Зеленский алдыга чыкты. Ал эми 24,66% добуш алган Порошенко жеңилгенин мойнуна алып, атаандашын куттуктады.

Copyright © 2017 Maral FM