Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков паспорт чыры боюнча үн катты

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 1170 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматындагы чет элдик паспортторду чыгарууда Е-бланкаларды сатып алуудагы чырга байланыштуу үн катты.

Ош шаарында өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» аталышындагы биринчи телекоммуникациялык форумда сүйлөп жатып мамлекет башчысы санариптештирүү чөйрөсүндөгү бардык маселеге кылдат көңүл бурарын айтты.

«Жакында эле МКК тармагындагы тендерге байланыштуу жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул коомдо резонанс жаратты. Мен коомчулуктун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кылам. Биздин жарандык коом абдан күчтүү, жарандарыбыз мамлекеттик маселелерге кайдыгер мамиле кылбагандыгы жакшы көрүнүш. Бирок, тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ошондуктан, шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал ошондой эле, бардык иш аракет мыйзамдын чегинде болорун баса белгиледи.

«Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Мыйзамдуулук баарына бирдей. Эгерде мыйзам бузулса, анда ким болсо да жоопкерчилик тартышсын. Укук коргоо органдары да мыйзамды катуу карманышы керек. Мен премьер-министр болуп иштеп жатканда, Кара-Балта жолун куруу боюнча тендердин тегерегинде да чоң ызы-чуу чыккан. Эми азыр паспорт тендери да ызы-чуу жаратты, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Ошондуктан, мыйзам базасын жакшыртып, коррупциялык элементтери болсо, алып салуу керек», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент ошондой эле, азыр парламент сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатканын, тендер процедураларынын ачыктыгын жана аларга карата ишенимди жогорулатуу зарылдыгын айтты.

Паспорт тендеринен мамлекет 253 млн. 377 миң сомдук зыян тарткан

Copyright © 2017 Maral FM