Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Постсоветтик өлкөлөр, бизден үлгү алгыла!

Дүйнө | 22 Апр 2019 | 1032 | 0

Акыркы алынган маалыматтарга ылайык, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 70 %ын санап бүттү. Анда 73% добуш менен Владимир Зеленский алдыга чыкты. шайлоодогу бюллетендердин 2,32 %ы жараксыз деп табылды. Ал эми 24,66% добуш алган Порошенко жеңилгенин мойнуна алып, атаандашын куттуктады.

Владимир Зеленский  өзүнүн жеңиши тууралуу алгачкы комментарийин шайлоо штабында берди. Анда ал өзүн али президент деп атоого эрте экенин белгилеп, эң оболу аны колдогон ата-энеси, жубайы жана жакын досторуна ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле постсоветтик өлкөлөргө карата кайрылуу да жасаганга үлгүрдү.

«Мен азырынча расмий түрдө президент эмесмин. Бирок катардагы украин жараны катары бардык постсоветтик өлкөлөргө кайрылып кетким келет: Мына бизден үлгү алгыла, бизде баары болушу мүмкүн!».

Ал эми учурдагы президент Порошенко да өз шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, атаандашы Владимир Зеленскийди жеңиши менен куттуктады, бирок саясаттан кетпей турганын жар салды.

«Урматтуу, украин калкы, мен жакында президенттик кызматты өткөрүп берем. Бул украиналыктардын чечими болду, мен аны кабыл алдым. Ооба, мен президенттиктен кетем, бирок  саясаттан кетпейм».

Ал ортодо шайлоодо жеңишке жеткен Зеленскийди АКШ президенти Дональд Трамп өзү телефон чалып куттуктаганы айтылууда. Ошондой эле Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Польшанын президенти Анджей Дуда, Венесуэланын оппозициялык лидери Хуан Гуайдо да куттуктоо телеграммасын жиберген. Ал эми Орусия тараптан Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Зеленскийди куттуктап, Орусия менен алакасын жакын арада чыңдоосун каалаган.

Украинанын жаңы президенти эң алгачкы жумушу катары кадрдык өзгөртүүлөрдү жасай турганын айтууда. Ошондой эле ал украина саясатындагы олигархтарды тазалоо ниетин да буга чейин билдирген. Бирок анын бул мүдөөсүн ишке ашырууга президенттик шайлоону жеңгени жетиштүүбү деген суроо пайда болот. Анткени, азыркы тапта жеңилүү ызасын тарткан Порошенконун  партиясы парламенттиги көпчүлүктү түзүп, 135 эл өкүлү Жогорку Радада отурат. Ошондой эле алар «Элдик фронт» партиясы менен биргеликте көпчүлүк коалицияны түзүп, өкмөттүн курамын бекитишкен. Мындан улам, саясий серепчилер саясатта тажрыйбасы жок Зеленскийди алдыда бир топ оор сыноолор күтүп турганын айтышууда.

Зеленский  калың элге куудул жана шоумен катары белгилүү болгону менен, акыркы жылдары саясатта да коомдук активист катары өз позициясын билдирип келген. Мисалы, ал Украинадагы Евромайданды колдоп чыккандардын бири. Ошондой эле өзүнүн шоу-программаларында Орусиянын саясатын сындап келген жайы бар. Мындан сырткары, Донбасстагы украин аскерлерине да дайыма концерттерин коюп жүргөн. Ошондой эле, ал Орусиянын шоу-бизнес өкүлдөрүнүн Украинага кирүүсүнө тыюу салынганына каршы чыкканы да белгилүү.

Украинанын жаңы президенти Зеленский учурда 41 жашта. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Билими жогорку. Кесиби юрист, бирок өз багыты боюнча бир күн да иштеген эмес. Ал украин, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Өтмүштө өнөрпоз болгон президенттер

 

Copyright © 2017 Maral FM