Биз менен байланышыңыз

Эстония президенти орус мектептеринен баш тартуу планын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 504 | 0

Эстонияда орус тилдүү мектептерди сактап калуунун кереги жок. Эстония президенти Керсти Кальюлайд алдыда орус мектептеринен толук бойдон баш тартуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал «Коммерсант» басылмасына берген интервьюсунда айтты.

Президенттин сөзүнө ылайык, эгерде өлкөнүн өзүнүн мектеп системасы түзүлсө, анда орус тилдүү ата-энелер да балдарын эстон тилинде окуткан мектеп, бала бакчаларга берип башташат.

Учурда Эстония бийлиги мамлекеттик тилдеги билим берүү борборлорун каржылаганы менен, дагы эле жеке мектептер өз алдынча иштеп келгенин билдирди.

«Алдыда толук бойдон эстон тилиндеги окутууга өтүшүбүз мүмкүн. Ошентсе да, биздеги айрым орус тилин, маданиятын тереңдетип окуткан мектептер иштей бермекчи», — дейт өлкө президенти.

Буга чейин Кальюлайд орус тили Эстония үчүн кооптуу деген болчу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM