Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Ооган өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 601 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 18-апрелде Ооганстандын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кыргыз-ооган кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Тараптар Ооганстанда тынчтыкты эртерээк орнотуу максатында аймактык коопсуздук түзүмүн бекемдөө жана азыркы чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүү маселелеринде бири-бирин өз ара колдой тургандыгын тастыкташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелерине  өзгөчө көңүл бурулуп, бул багыттагы өз ара аракеттенүүнү биргелешип күчөтүүнүн андан аркы жолдору талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Экономика министри Олег Панкратов менен Ооганстандын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-ооган өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Ошондой эле кыргыз-ооган мамилелеринин учурдагы абалын жана мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүнүн келечегин чагылдырган биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM