Биз менен байланышыңыз

СУЛТАНДЫККА даярданалы!

Блог | 18 Апр 2019 | 953 | 0

(Куттуу Рамазан айы үчүн)

Бала күнүмдө бир торпок бар эле. Аны «көк мээ» торпок деп коюшчу. Ал каалаган тарабына басчу, каалаган тарабына тезек таштачу, каалаган уйду сүзгүлөп ээмп кете берчү… Кийин тентип жүрүп өлдү окшойт.

Чоӊойгондо ушуну аӊдадым. Адам баласы эгер өзүнүн үстүнөн иштебесе, рух казанын азыктандырбаса, ошол биздин «көк мээ» торпоктой каалаганын жеп, каалаган жерине жатып, каалаган жерине туруп жүрүп, каӊгып өлөт экен. Сайда саны, кумда изи жок өлөт экен, кызыгы. Өкүнүчтүүсү, кудум биздин баягы торпок сыяктуу аны  эч ким жоктобойт экен.

Эмнеге «көк мээ» торпокту сөз кылдым, эми ошого келейин. Орус жазуучусу Л. Н. Толстой өзүнүн адашуу күндөрүн, чыныгы ишенимди тааныбаган жылдарын жашоо деп эсептебей турганын жазганы бар. Анын сыӊары, менин да татыктуу, султандай жашалбаган жылдарым көп.  Соӊку жылдар китептер, китеп сыяктуу мугалимдерим мага «УЛУУЛУКТУН УСУЛУН» үйрөтүштү. Ал айтканда өтө жөнөкөй, жашаганга өтө оор усул — аз тамак ичүү, аз сүйлөө, аз уктоо… Бул керемет машыгуу экен!..

Бул заман аз тамактан эмес, көп тамактан жабыркаган заман. Бул күндөр көп иштерден эмес, көп сөздөрдөн куралган күн. Бул мезгил ойгондор эмес, уктагандар арбын болгон мезгил. Тилекке каршы, биздин мезгил ушуга туш болуп калды.

Бирок кубанганым, жан дүйнөлөрүбүз ойгончу ай келе жатат! Ыйык Рамазан айындагы курсактын ачка болуусу рух казанды байыткан керемет ай. Адатта, нандын даамын, суунун ырахатын сезбеген уйкучу сезимдерибиз жанданып, үзүм нан, тамчы суунун даамы укмуштуудай билинер, сезилер, зар кылар, көзүбүздү жалдыратып бирок ошонун урматы менен мээбиз иштеп, жан дүйнөбүздүн уктаган тарабына кедей, ачка адамдардын абалын түшүнтөр күндөр жакындап калды. Адамдык насилибизге кайтар, кедей менен бай теӊелер, Улуу Жаратуучунун аалам деген чоӊ тасмалындагы ар бир азыктын жыты мурунду өрдөп, ар бир жемиштин бири-бирине окшобогон даамдары тамшандырар мүнөттөргө чогуу жетели.

Адам өзүнүн айбандык сезимдерин ооздуктоо менен Султандык даражага жетери айтылат ыйык китептерде. Султан болууга даяр бололу…

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM