Биз менен байланышыңыз

Токтогул тараптан гашиш алып бараткан жаран кармалды

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 531 | 0

Токтогул районуна тиешелүү аймактан баңгизат алып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин маалымат кызматы билдирди.

16-апрелде Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна тиешелүү Бишкек-Ош унаа жолунан Чүй облусунун 32 жаштагы А. А. аттуу тургуну айдап бараткан «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Автоунаанын ичин текшерүү учурунда 100 ширеңкенин кутусуна салынган, жалпы салмагы 1 килограмм 145 грамм гашиш табылган.

Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары башталды. Аталган факты боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM