Биз менен байланышыңыз

«Замандаш» коомдук фонду: Кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүүдө

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 559 | 0

«Замандаш» коомдук фонду Евразия Кеңешинин төрайымы Светлана Параскеванын жардамы менен Кыргызстандын ишкерлер делегациясы Орусиянын Твер облусуна барышты. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер делегациясы Орусиянын мамлекеттик Думасынын депутаттары, Фермерлер ассоциациясынын президенти, мамлекеттик Думанын агрардык маселелер боюнча комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Ошондой эле Твер облусунун Айыл чарба министри Дмитрий Куликов менен да жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуу учурунда эт багытында мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү.

Мындан сырткары Твер облусундагы Максатихинский  фермердик чарбасы менен жакындан танышуу үчүн  атайын сапар уюштурулуп, ишкерлер мал чарбасынын абалы менен  таанышышты.

Жолугушуунун аягында тараптар эт багытында мал чарбасын өнүктүрүү боюнча  долбоорду иштеп чыгууга макулдашышты.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM