Биз менен байланышыңыз

Эми “Замандаш” фондунун президенти мигранттар менен 3 ай сайын жолугушат

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 766 | 0

“Замандаш” коомдук фонду Орусиядагы мекендештер менен биргеликте уюштурган Кыргыз-орус “Достук жана кызматташтык” форуму 16-февралда Москва шаарында ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.

Форумдун жүрүшүндө “Замандаш” коомдук фонду менен “Орусиянын мигранттар федерациясы”, Орусиялык спорттук калыстар агенттиги, Эл аралык ишкерлер ассоциациялары кызматташуу жөнүндө Меморандумдарга кол коюшту.

Жолугушууда 2019-жылдын июнь айынан тарта Москвада эмгек мигранттарына “Замандаш” коомдук фонду тарабынан юрист бөлүнүп бериле тургандыгы чечилди. Ошондой эле миграция маселелерин өкмөт өкүлдөрү менен толкулоо үчүн жолугушууларды уюштурууну Замандаш” коомдук фонду өз колуна алды.

Мындан сырткары Кыргыз-орус форумун Москва шаарында салттуу түрдө өткөрүп туруу жана үч ай сайын “Замандаш” коомдук фондунун президенти Молдокматов Жеңишбек журтташтар менен жоолугуп туруу  чечими макулдашылды.

Ата-мекендик өнүмдөрдү Орусияга жана ЕАЭБ мамлекеттеринде жогорулатуу жана ар тараптан колдоо жагы “Опора России” жалпы орусиялык уюму тарабынан колдоого алынды.

Жолугушуунун аягында орчундуу делген маселелер талкууланып, көп маселелерде макулдашуулар жана чечимдер кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM