Биз менен байланышыңыз

Сууга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөөгө 115 куткаруучу тартылды

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 460 | 0

Бүгүн, 17-апрелде Сууга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен  жалпы 115 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинини маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары: издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казаrстандын ИИМbнин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.

Учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 11-апрелде саат 18:25тер чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 2014-жылы туулган Б. Б. аттуу бала чөгүп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM