Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалпы салмагы 81 кг баңги заттары жок кылынды

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 368 | 0

Бүгүн, 17-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамда белгиленген тартиптерге ылайык 14 кылмыш ишинин алкагында тергөө ишинин далили катары алынган, жалпы салмагы 81 кг түзгөн баңгизаттарын жок кылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматы билдирди.

УКМК органы тарабынан алынган 48 кг. героин, 33 кг. гашиш баңгизаты «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын казанына жагылып жок кылынды.

Кошумчалай кетсек, УКМК тарабынан 2014-жылдан бери 1,5 тоннадан ашык баңгизаты, 1085 грамм психотроптук зат жана 160 грамм Альфа ПВП синтетикалык психосимулятору мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.

Copyright © 2017 Maral FM