Биз менен байланышыңыз

Прокурордук кадыр-баркка доо кетирген 24 кызматкер иштен алынган

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 491 | 0

2018-жылы прокурордук кадыр-баркка доо кетирген 24 кызматкер жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тазаланууну прокуратура өзүнөн баштайт деген принцип менен иш алып барган жана бул иш улантылат.

Ошондой эле, жарандардан келген азыр-даттануулардын үстүнөн иш алып баруу жеткиликтүү эмес экенин, бул багыт артыкчылыктуу багыттын бири катары кала берерин Жамшитов кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM