Биз менен байланышыңыз

Дабасыз дартка чалдыккандар абактан чыга алабы?

Коом | 17 Апр 2019 | 551 | 0

«Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун абалы оорлоп кеткенине байланыштуу абактан бошотуу керек», — деп бир катар укук коргоочулар, кыйноолорго каршы коалиция социалдык тармактарда кайрылууларды жасап жатат. Мындан улам, биз бул жагдайдын укуктук жагына кызыгып, сурамжылоого алып көрдүк.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде ар кандай ооруга чалдыккандар да бар. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын билдиришинче, Мурат Суталиновдон башка да 11 адам онкологиялык оору менен абакта жатат.

— 15 миңге чукул жаза өтөөчүнүн 300ү кургак учуктун ар кандай түрү менен жабыркап келишет. Ошондой эле, 11 адам рак илдетине чалдыккан. Анын ичинде М.Суталинов да бар.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, оор абалдагы оорулуулар өзүнчө шартта кармалып, дарыгерлердин сунушу менен атайын дарылоодон өтүп турушат. Рак оорусу менен жабыркагандар тиешелүү убакытта химия терапиясын алышат. Бирок, «Мындай оор абалдагы абакта кармоо өлүм жазасына тартууга барабар. Анткени, өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, кээ бир ооруларга байланыштуу айыпталуучу боштондукка чыгарылышы керек», — дейт «Кыйноолорго каршы коалициянын» мүчөсү Сардар Абдухалилов.

— Суталинов сыяктуу оорулуулар жөнүндө атайын токтом бар. Ал тизмеде 30га жакын оору жөнүндө айтылат. Эгерде айыпталуучу дартынан даба таба албай турганчалык абалда болсо, бошотулушу керек. Анткени, алар ансыз деле өлүм алдында турат. Негизи мыйзамга ылайык жазага тартуу кыйноо эмес, аларды оңдоо, тарбиялоо болуп эсептелет. Ал эми оор абалдагы, өлүм алдында турган оорулууларды абакта кармоо өлүм жазасына барабар десек болот.

Укук коргоочулар: «Мурат Суталиновду абактан чыгарбай жатышы саясий кызыкчылыкка байланыштуу. Бул жерде адам укугунун бузулуп жатканы айкын эле көрүнүп турат», — дешет. Укук коргоочу Рита Карасартова азыр соттор Ак үйдөн буйрук күтүп жаткандай деп сыпаттады.

— Буга чейин да укук коргоочулар Турдубаева аттуу айыпталуучунун 4-даражадагы рак илдети менен жабыркап жатканын билдиришкен. Бирок жыйынтык чыккан жок. Азыр сот системасында кош стандарттуулук маселеси бар. Менимче, биздин соттор Мурат Суталиновдун бошотулуш, бошотулбашы тууралуу 7-кабаттан буйрук күтүп жаткандай.

«Кылым шамы» коомдук уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова мындай учурлар абактарда көп экенин белгилейт.

— Рак оорусу менен жабыркап жаткандардын абалын көрүп жатабыз. «Булар боштондукка чыга турган болсо, коомго кантип коркунуч жаратат?» — деген суроону бергим келет. Биз билебиз, буга чейин оор кылмышка айыпталган дени сак эле адамдар ар кандай шылтоо менен түрмөдөн чыгып кетишкен. Керек болсо качып кеткендер да бар.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталинов апрель окуяларына байланыштуу 20 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк анын рак оорусуна кабылганы маалым болгон. Учурда ал рак илдетинин 4-даражасы менен жабыркап келет.

Copyright © 2017 Maral FM