Биз менен байланышыңыз

Суталиновдун соту уланат

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 695 | 0

Бүгүн 15-апрелде Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун иши боюнча кезектеги соттук отурум болот.

Суталиновдун ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу аны бошотуу боюнча 9-апрелде териштирүү болгон. Бул иште күбө катары өтүп жаткан Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясынын башчысы келбей калып, отурум 15-апрелге жылдырылган болчу.

Бишкек шаардык сотунда 9-апрелде болгон соттук териштирүүдө Суталиновдун бөйрөк рагы менен ооруганын аныктаган Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы күбө катары суралып, Суталинов катуу ооруп жатканын, дарыланууга муктаж экенин айткан.

Жогорку Соттун чечимине ылайык, Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча айыпталып, үй-мүлкү мамлекетке өткөрүлүү менен 25 жылга соттолгон.

Мурат Суталинов учурда Бишкек шаарындагы № 47 түзөтүү абагында кармалууда. Ал эки жума сайын Улуттук онкология борборунан химиятерапия алып турат.

Copyright © 2017 Maral FM