Биз менен байланышыңыз

Суталиновдун соту дагы жылдырылды

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 529 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун иши боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Буга ден соолугунун начарлаганына байланыштуу айыпталуучу сотко келбей калганы себеп болду.

Жактоочу Суталиновдун ден соолугу начарлагандыктан келбегенин, соттук териштирүүнү аны катыштырбай деле өткөрүү өтүнүчүн келтирди.

Сот залына Суталиновдон тышкары Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлү да келген эмес.

Соттук отурумга төрагалык кылуучу судья бул абалды эске алып, териштирүүнү кийинкиге калтырды.

Copyright © 2017 Maral FM