Биз менен байланышыңыз

Сот отурумдарын онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Коом | 17 Сен 2019 | 720 | 0

Сот отурумдарын ачык өткөрүү максатында автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилип жатат. Демилге 2017-жылы  көтөрүлүп, 64 сот залы системага кошулган, бирок толук иштеп кете элек. Быйыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында бул система толук орнотулуп бүтөт  деген үмүт бар.

Өлкө боюнча сот залдарына атайын аудио, видеофиксация системасы орнотулат. Мунун артыкчылыгы сот отурумундагы бардык көрүнүш жазылып, сакталып калат. Бул соттун акыйкат өтүшүн камсыздайт. Тийиштүү мамлекеттик мекемелерди маалымат менен камсыздоо жеңил болот. Жогорку Соттун аппаратынын жетекчисинин орун басары Эркин Искаков система ишке кирсе, ар бир кыймыл-аракет ачык, элге маалым болот деп ишендирди.

— Соттук отурумду санариптештирүү маанилүү, себеби, соттогу чечимдер элге ачык болуусу керек. 

Арыз менен кайрылган жарандар мындан ары документтерин электрондук түрдө жөнөтөт. Ал эми Жогорку Сот аймактардагы болуп жаткан сот отурумун онлайн көрө алат. Ошол эле учурда судьялардын ар биринин жеке электрондук кабинети болот. Ал жерде каттарды карап чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Юрист Мукар Чолпонбаев сот отурумдарынын видеокөзөмөл менен өтүшү, андагы видео жана үн жазуу далил катары колдонуларын айтты.

— Автоматтык түрдө жазылган видео, аудио системага сакталып калса, далил катары колдонулат. Бул эң жакшы эффект берет, ал эми коррупцияны алдын алууга эч кандай жардам бере албайт. Себеби, ал жерде сот залында болгон отурум гана сакталат.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын аягына чейин бардык сот залына камералар орнотулуп, толук кандуу иштеп баштайт. Учурда 86 сот залына камера орнотулган, дагы 77 залды системага кошуу мерчемделген.

    

Copyright © 2017 Maral FM