Биз менен байланышыңыз

Суталинов өлкөдөн эч жакка чыкпайт

Саясат | 7 мая 2019 | 637 | 0

Бүгүн 7- майда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси, абакта отурган Мурат Суталиновду боштондукка чыгарды. Буга себеп Суталиновдун ден соолугу күндөн-күнгө начарлап баратканы болду. УКМКнын мурдагы жетекчиси соттон мындай чечимди күтпөгөнүн айтып, кыргыз элинен кечирим сурады.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан бошотулду. Бул чечим бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылды. Суталинов ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Аталган маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Исабек кызы «Маралга» билдирди.

— Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык сотунун коллегиясы, КР Өкмөтүнө караштуу жаза аткаруу кызматынын № 47 мекемесинин арызын канааттандырып, соттолуучуну мындан аркы мөөнөтүн өтөөдөн бошотту. Бул чечим соттолуучу Мурат Суталиновдун оор илдетке кабылгандыгына байланыштуу кабыл алынды. Жактоочу Карабековдун апелляциялык арызы канааттандырылды. Чечим даттанууга жатпайт.

Ал эми Суталинов соттон үмүтүн үзүп койгонун айтып, ал үчүн чечим күтүүсүз болгонун билдирди. Ал мурда жасаган иштери боюнча кыргыз элинен кечирим сурап, башкалар сыяктуу чет өлкөгө кетпей турганын кошумчалады. Ошондой эле, ал Апрель окуясында набыт болгондордун ата-энелеринен мурун да кечирим сураганын айтып, кандуу окуяларды өз убагында токтото албаганына өкүндү.

— Мен буга чейин көп нерседен үмүтүмдү үзүп койгом, мындай чечимди укканда абдан кубандым. Мен үчүн күтүүсүз болду. Буга чейинки окуяларда жасаган кадамдарым жана ошол кыйын учурда ал нерселерди токтото албаганым үчүн өкүнөм. Кыргыз элинен да кечирим сурайм, мени колдогондорго рахмат айтам. Башка мамлекетке кетпейм. Бардыгы эле ойлойт экен, абактан чыккандан кийин башка жакка кетип калат деп. Жок! Кыргызстанда эле болом жана ушул жактан дарыланам. Бизде күчтүү онкологдор бар, жакшы карап жатышат.

Ал эми Мурат Суталиновдун атасы, генерал Абдыбек Суталинов кубанычын коомчулук менен бөлүшүп, уулун  колдогондорго терең ыраазычылыгын билдирип, батасын берди.

— Уулумду колдоп келгениңиздер үчүн баарыңарга рахмат!  Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө тынччылык орносун!

Анткен менен, саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Мурат Суталинов 7-апрелде жасаган кадамдарына толугу менен жооп берген жок деп эсептейт. Ден соолугуна байланыштуу соттун чыгарган чечиминен улам, жасаган иштеринин жазасын толугу менен алууга мүмкүнчүлүк берилбегенине токтолду. Саясат талдоочу бул жерде чоң саясаттын оюну болуп жатканын белгилеп, «Учу жок системага эртерээк бөгөт коюлбаса, күнөөсүздөр деле күнөөлүү болуп азап тартып калышы толук мүмкүн», — дейт.

— Сот өзүнүн мыйзамдарына таянып, Мурат Суталиновду бошотту. Бирок, ал 7-апрель окуясында жасаган кадамдарынын бардыгына жооп бере алдыбы? Мына бул өзүнчө суроо. Бирок бул жерде андан да жогору маселе турат. Маселен, Суталинов Бакиевдин учурунда анын буйруктарын аткарып, кызматынан көтөрүлүп келгенин баарыбыз эле билебиз. Бирок тилекке каршы, соңунда өзү күнөөлүү деп табылып, абакка отуруп калды. Бул чынжыр азыр деле уланып келе жатат. Качан биз бул системаны бузгандан кийин, ошол кездеги күнөөлүүлөр табылып, бардыгы ачыкка чыгат.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун ден соолугу начарлаганынан улам, аны абактан бошотуу маселеси алты айдан ашуун убакыттан бери каралып келе жаткан. Ишти караган Ленин райондук соту ушул жылдын 15-апрелинде Суталиновду бошотууга тыюу салган чечим чыгарган.  Ал эми бүгүн 7-майда аны абактан бошотушту.

Мурат Суталинов 2010-жылы апрель окуясында кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Copyright © 2017 Maral FM