Биз менен байланышыңыз

Мурат Суталинов абактан бошотулду

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 700 | 0

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык соту УКМКнын мурунку төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазды.

Маалым болгондой, Мурат Суталинов онкологиялык дартка чалдыгып, оор абалда экени буга чейин айтылып, аны абактан бошотуу боюнча жактоочусу сотко кайрылган. Соттук процесс апрелдин башынан бери созулуп келген болчу.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаардык сотунда 9-апрелде өткөн соттук отурумда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы  Суталиновдун бөйрөк рагы менен катуу ооруп жатканын, дарыланууга муктаж экенин айткан.

Жогорку Соттун чечимине ылайык, Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуя боюнча айыпталып, үй-мүлкү мамлекетке өткөрүлүү менен 25 жылга соттолгон.  Ал дартына байланыштуу эки жума сайын Улуттук онкология борборунан химиятерапия алып турат.

Copyright © 2017 Maral FM