Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мамкаттоо жетекчилеринин камалышы тууралуу кийинчерээк кенен маалымат берилет

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 454 | 0

Улуттук коопсуздук комитети «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерин камакка алганы тууралуу «Маралга» маалымат берди.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиришинче, аталган кызмат адамдары мурда козголгон кылмы иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында камакка алынган. Кененирээк маалымат кийинчерээк айтыларын билдирди.

Тактай кетсек, буга чейин «Инфокомдун» башчысы Талант Абдуллаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM