Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Бавария мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 767 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Германияда Бавария мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын маселелери боюнча мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Флориан Херманн Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Германиянын канцлери жана президенти менен жолугушуунун алдында, анын Баварияга келгенине кубанганын жана бул достук кадам экенин белгиледи.

«Бул биздин достук мамилелер үчүн жакшы жышаан. Бүгүн сиздерди абдан кызыктуу жолугушуулар күтөт жана алардын бири — Мюнхендин илимий-изилдөө борбору да болуп эсептелген айыл чарба ишканасына баруу», — деди Флориан Херманн.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү деңгээлине канааттанганын билдирди жана айыл чарбасы, туризм, гидроэнергетика тармактарында, энергиянын жаңыланма булактары жана тоо-кен чөйрөлөрүндө Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчы Германия экономикасынын кезектеги Үчүнчү Күндөрүн 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды. Ал германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырып, бүгүн бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча ишкер чөйрөлөрдүн өз ара алакаларын кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюларын кошумчалады.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Конрад Эденауэр жана Фридрих Эберт атындагы фонддор жана Ханс Зайдель атындагы фонддун ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыкты белгиледи. Ханс Зайдель атындагы фонд Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу чөйрөлөрүндө карларды даярдоо маселелери боюнча долбоорду ишке ашырып жатканын, 2002-жылдан тартып, фонд аркылуу Кыргызстанда 2 миңден ашык стипендиант билим алганын айтты.

Мындан сырткары, Евробиримдик менен кызматташуунун жаңы стратегиясы даярдалып жатканын, ага 2019-жылдын июль айында ЕБ дипломатиясынын башчысы Федерико Могерини менен бирге кол коюу күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүгө, кооперативдерди жана туризмди өнүктүрүүгө, Евробиримдиктин алкагында кызматташууга, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөдө жашыл технологияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн кароого өзгөчө көңүл бурулду.

Маектешүүнүн аягында Сооронбай Жээнбеков Флориан Херманнды жана Бавария жетекчилигин Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM