Биз менен байланышыңыз

Орто Азиядагы жемкордук күч алган өлкөлөр

Без рубрики | 15 Апр 2019 | 511 | 0

Орто Азия өлкөлөрүндө коррупция менен күрөшүү жүрүп жатат деп айтышканы менен жемкордук дале токтобой келет. Бул тууралуу The Risk Advisory Group компаниясынын «Коорупциялык чакырыктар-2019» эсебинин жыйынтыгында байкалган.

Алар 3 негизги бөлүктөн турат:

Коррупциялык чакырыктар;

Коррупциялык коркунучтар;

Коррупция тууралуу маалыматтын жоктугу;

Жемкордук даражасы боюнча Казакстан төмөнкү упай алган. Ал эми эң жогорку көрсөткүчтү Түркмөнстан мамлекети алган.

Казакстан:

Коррупциялык чакырыктар — 28 балл;

Коррупциялык коркунучтар — 10 балл;

Коррупция тууралуу маалыматтын жоктугу — 12 балл;

Жалпы: 50 балл

Кыргызстан:

Коррупциялык чакырыктар — 29 балл;

Коррупциялык коркунучтар — 10 балл;

Коррупция тууралуу маалыматтын жоктугу — 13 балл;

Жалпы: 52 балл

Өзбекстан:

Коррупциялык чакырыктар — 38 балл;

Коррупциялык коркунучтар — 12 балл;

Коррупция тууралуу маалыматтын жоктугу — 20 балл;

Жалпы: 70 балл

Тажикстан:

Коррупциялык чакырыктар — 39 балл;

Коррупциялык коркунучтар — 13 балл;

Коррупция тууралуу маалыматтын жоктугу — 20 балл;

Жалпы: 72 балл

Түркмөнстан:

Коррупциялык чакырыктар — 51 балл;

Коррупциялык коркунучтар — 14 балл;

Коррупция тууралуу маалыматтын жоктугу — 31 балл;

Жалпы: 96 балл

Акыркы жыйынтыктар боюнча Орто Азиядагы эң жемкордук күч алган өлкө катары Түркмөнстан (96 балл) эсептелет. Андан соң, Тажикстан (72 балл) жана Өзбекстан (70 балл) өлкөлөрү орун алган. Кийинки орундарда Кыргызстан (52 балл) жана Казакстан (50 балл) катталган.

Маалыматтарга ылайык, Россия, Европа жана Евразия өлкөлөрүндө жемкордук 3 тармакта: курулуш, банк жана нефть-газ тармактарында өнүккөн. 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан коррупция менен күрөшүү боюнча 132-орунда турат. Былтыркы жылга салыштырмалуу 141-орундан 132-орунга түшкөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM