Биз менен байланышыңыз

«Акнеттин» ишин ИИМдин Тергөө кызматы иликтеп жатат

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 467 | 0

«Акнет» жоопкерчилиги чектелген ишканасы боюнча ишти иликтөөнү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн «Акнет»  ЖЧКсына карата КРнын Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 232-беренеси 2-бөлүмү (Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу), 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 337-беренеси (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу) менен козголгон 5 кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан кыскартылган.

2019-жылдын 28-март күнү жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери кийинки иликтөөлөрдү уюштуруу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда, жогорудагы кылмыш ишин калыс иликтөө максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM