Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик каттоо кызматы: Эмгек акы төлөөдө 7,3 млн. сомдук мыйзам бузуу катталган

Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 750 | 0

Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга карата Мамлекеттик каттоо кызматынын жана анын ведомстволук түзүмдөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында, эмгек акыны төлөөдө мыйзам бузуулар аныкталган. Бул көрсөткүч 2017-жылы 7,3 млн. сомду түзгөн, анын 1,8 млн. сому эмгек акыны негизсиз берилсе, эмгек акы төлөөдөгү мыйзам бузуулар 5,5 млн. сомду түзгөн.

Алсак, Өкмөттүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтомун бузуу менен борбордук аппарат, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо, Кадастра жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменттеринин кызматкерлерине компьютерде иштеген зыяндуулук үчүн 25%дан кошумча төлөмдөр жалпы суммасы 3,7 млн. сом төлөнүп берилген. Тактап айтсак, кошумча төлөмдөр эмгек орундарына иондук нурлануу такталбастан берилген.

Ошондой эле, 2016-жыл үчүн жүргүзүлгөн аудиттин актысына жазылгандыгына карабастан, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2015-жылдагы №36 буйругу менен, компьютерде иштеген зыяндуулугу үчүн 15%дан -25%га чейин, 2017-жыл ичинде айлык маянага кошумча зыяндуулук үчүн 2,0 млн. сом негизсиз эсептелген жана төлөнгөн.

2018-жылдын 26-майындагы  мыйзамга ылайык Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти тарабынан атайын эсептин кирешелеринин жана чыгымдарынын жалпы 8,8 млн. сом суммасындагы акча каражаты бюджетке кайтарылууга тийиш.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, Эсептөө палатасы тарабынан кем чыгууларга, бузууларга жол бербөө жана аларды четтетүү боюнча сунуштар берилди.

Мунун негизинде Жогорку Кеңешке, Президенттик Аппаратка, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына,  Өкмөткө жана аудит объектисине материалдар жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM