Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Ар бир адам өз ден соолугуна зор салым кошо алат

Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 466 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акцияга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Акциянын негизги максаты: адамдарды спортко, сергек жашоо образына үндөө. Биздин республикабыз дүйнөлүк ааламдашуу процессине ыкчам кошулууда жана заманбап жогорку технологиялар жашоо-шартыбызды жеңилдетти. Мындан улам, адамдар аз кыймылдап, жогорку калориялуу тамак-ашка ык ала баштады, мунун өзү көптөгөн оору-сыркоолордун келип чыгуусуна шарт түзүүдө. Оорулар жыл өткөн сайын «жашарууда», ошондой эле майыптар көбөйүүдө. Сергек жашоо образын жайылтуу жана аны кармануу аркылуу бул факторлордун алдын алууга болот», — деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн 2030-жылга чейинки калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – гүлдөгөн мамлекет» программасы бекитилген. Программа көрсөтүлгөн мезгилге дейре ар бир жаран, үй-бүлө жана жалпы коомчулук сергек жашоо образын карманып, ден соолукту чыңдоого умтулуп, саламаттыкты сактоону башкаруу тутумуна камтылышына багытталган.

«Ар бир адам өз ден соолугуна зор салым кошо алат. Ар бирибиз өзүбүздөн баштап, күндөлүк режимибизге иштиктүү жолугушуулардан тышкары, физтикалык көнүгүүлөрдү, велосипедде жүрүүнү, бассейнге барууну жана башка активдүү кыймыл-аракетти киргизүүбүз абзел», — деди ал.

Сөзүнүн жыйынтыгында вице-премьер-министр мындай акциялар арбын уюштурулуп, жарандарыбыздын жашоосунун бир бөлүгү болуп калуусуна тилектешигин билдирип, мекендештерге чың ден соолук жана бакубаттуулук каалады.

Copyright © 2017 Maral FM